<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><title>Жүрөгүм абдан ооруш керек болчу РЫЖ261</title>
<lyrics>[V1]
.  Hm
 Жүрөгүм абдан ооруш керек болчу,
.     Em                  Hm
 Теңирдин ырайымын билиш үчүн,
.   Em           Hm
 Табына кактап мерез жүрөгүмдү,
.      Em     F#         Hm
 Мээриминин илебин сезиш үчүн.

[V2]
 Жүрөгүм абдан ооруш керек болчу,
 Кеч болуп кала электе көрүш үчүн,
 Эбегейсиз мээримин Эгедердин
 Сезе албай баратканын жүрөгүмдүн.

[V3]
 Жүрөгүм абдан ооруш керек болчу,
 Андагы тоңгон муздар эриш үчүн,
 Жакыным жапа чегип турганында,
 Жүрөгүнүн ооруганын сезиш үчүн.

[V4]
 Жүрөгүм абдан ооруш керек болчу,
 Бараткан багытымда оюн салып,
 Турмуштун түркүн түстүү сүрөөнүндө
 Акыры калбаш үчүн жайдакталып.

[V5]
 Жүрөгүм ооруганы жакшы болду,
 Иштерим таразалап көргөнүмө,
 Оңун, солун иргеш үчүн жолдорумдун,
 Саамга убактымды бөлгөнүмө.</lyrics>
<hymn_number>261</hymn_number>
<key>Bm</key>
</song>